SerepTV Logo

Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшырды

Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшырды
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад шаардык шайлоо кеңешинен тастыкташты. Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат болчу. Ал жергиликтүү басылмаларга мындай кадамга баруусунун себебин айткан жок. Ошол эле учурда 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койбостугун билдирген.