SerepTV Logo

УКМКнын башчысы: "Кумтөр" боюнча керек болсо мурдагы президенттерди да жоопко тартабыз"

УКМКнын башчысы: "Кумтөр" боюнча керек болсо мурдагы президенттерди да жоопко тартабыз"
Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки териштирүү алкагында Кыргызстандын мурдагы президенттери да жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу 2-июнда Жалал-Абадда иш сапарында жүргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. “Ал жерде көптөгөн мурдагы премьер-министрлер, спикерлер бар. Депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер да бар. Керек болсо, мүмкүн, биз кээ бир мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартабыз. Себеби алардын түздөн-түз тиешеси бар”, - деди ал.
edita