SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев: "Колубуздагы карта жашыруун болгондуктан түшүндүрүп берели деп жатабыз. Кол коюлган соң ачыкка чыгат"

Камчыбек Ташиев: "Колубуздагы карта жашыруун болгондуктан түшүндүрүп берели деп жатабыз. Кол коюлган соң ачыкка чыгат"
Бүгүн, 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселесин карай турган Жогорку Кеңештин комитет жыйыны өтүп жатат. Жыйынга телефон, камера киргизилген жок. Ал эми жыйынды Жогорку Кеңеш түз эфирде берип жатат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент менен эртең менен макулдашканын айтты. "Президенттин сөзү так аткарылат. Эртең менен макулдаштык. Колубуздагы карта жашыруун болгондуктан, камерага тарттырбастан, комитет мүчөлөрүнө, коомчулукка, журналисттерге түшүндүрүп берели деп жатабыз. Кол коюлгандан кийин гана ачыкка чыгат", - деди Ташиев.