SerepTV Logo

Камакка алынган Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

Камакка алынган Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады
«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Бишкектеги СИЗО-1де ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу "Туран" партиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, ага кечээ, 26-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандык уюштуруу) боюнча кылмышка шектүү деп эскертүү берилген. Каршылык иретинде Жеңиш Модокматов ачкачылык жарыялаган. Жеңиш Молдокматов 6-майда Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча кылмышка шектелип кармалган. Кийин ага «массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча да айып тагылган.