Кайра шайлоо. Ошто партиялардын номур алуу чүчү кулагы кийинкиге жылдырылды
Ош шаарында бюллетендеги номурларды бөлүштүрүү үчүн чүчү кулак кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Ош АШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, жыйынга саясий уюмдардын өкүлдөрү келген эмес. Эфирдик убакытты бөлүштүрүү дагы жылдырылган.
11-июлга белгиленген Бишкек, Ош, Токмок шаарларында кайра шайлоого 33 саясий партия катышуу ниетин билдиришкен. Үгүт иштери 21-июнда башталган. Ал 10-июль саат 8:00гө чейин созулат.