SerepTV Logo

Кайра шайлоо. Бишкекте 17, Ошто 9 партия мандат үчүн күрөшөт

Кайра шайлоо. Бишкекте 17, Ошто 9 партия мандат үчүн күрөшөт

11-июлга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого катышууну каалаган партиялардан документтерди кабыл алуу кечээ, 13-июнда аяктады. Кайра шайлоо Бишкек, Ош, Токмок шаарларында өтөт.

Борбор калаада 17 саясий уюм мандат үчүн күрөшөт: "Туран", "Эмгек", "Жашылдар партиясы", "Жаңы-Мезгил", "Биздин эл", "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан социал-демократтары", "Замандаш", "Ата Журт - Кыргызстан", "Ынтымак", "Келечек-Келечек", "Биздин Кыргызстан", "Улуу-Журт", "Реформа", "Капитал", "Ишеним" жана "Күч бирдикте".

Ош шаарында 9 талапкер партия бар: "Ынтымак", "Улуу Журт", "Бир Бол", "Биздин Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Журт-Кыргызстан", "Нур", "Улуттар Биримдиги" жана "Келечек-Будущее".

20-июнда комиссиялар кайсы саясий уюмдар катталганын жарыялайт. Үгүт иштери 21-июнда башталып, 10-июль саат 8:00гө чейин уланат.

edita