SerepTV Logo

Кайда экени белгисиз болуп жаткан депутат Эмил Жамгырчиевдин Москвада жүргөнү маалым болду

Кайда экени белгисиз болуп жаткан депутат Эмил Жамгырчиевдин Москвада жүргөнү маалым болду
Кайда экени белгисиз болуп жаткан депутат Эмил Жамгырчиев Москвадан пост жазды. Маалыматка караганда, эл өкүлү бүгүн, 12-декабрда Орусияда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган турнирге барган. Быйыл Эл аралык турнирдин ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев дипломдорду тапшырып, турнирди баштаганы жазылат.  27-ноябрда  Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековдун УКМК тарабынан кармалганы маалымдалган.  Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Жамгырчиевдин бошотулганын жазган. Ал эми УКМК маалымат таратып, эл өкүлүнүн дайынсыз болуп жатканын билдирген.