Камчыбек Ташиев: "Жыйынга баары кире алат, бирок маалыматты жайылтууга азырынча уруксат берилбейт"
Бүгүн, 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселесин карай турган Жогорку Кеңештин комитет жыйыны болмок. Бирок жыйынга телефон, камера киргизилген жок. Ал турган депутаттардын да телефондорун алып киргизип жатышат. Буга депутат Мирлан Самыйкожо нааразы болуп, жыйынга катышпай турганын айтты.
Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйынга эмне үчүн техника киргизилбей жатканын түшүндүрдү. "Кыргыз-өзбек чек арасында каралган кол коюлган бардык протоколдорду ачыктап, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин долбоорун даярдап, комитеттен өткөргөнү жатабыз. Коомчулук менен кошо талкуулайлы деген оюбуз бар. Жыйынга баары кире алат, бирок маалыматты жайылтууга азырынча уруксат берилбейт", - деди ал.
Кечээ президент Садыр Жапаров жыйын ачык өтөрүн айткан эле.