SerepTV Logo

Жыпариса Рысбекова балдар укугу боюнча өлкөнүн өкүлү болуп дайындалды

Жыпариса Рысбекова балдар укугу боюнча өлкөнүн өкүлү болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Рысбекова Жыпариса Боронбаевна Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык: — Арипова Айгүл Көкташевна президенттик администрациянын канцеляриясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин, башка актыларды аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды; — Усеков Уланбек Абдилазизович президенттик администрациянын канцеляриясынын начальнигинин орун басары — иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйналыштарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
edita