Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин Аида Касымалиева аткарат
Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин Аида Касымалиева аткарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Талант Мамытов алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин аткарат", - деп айтылат маалыматта.
Төрага Талант Мамытов "Ынтымак" партиясы менен шайлоого аттанды.