SerepTV Logo

Спикер Талант Мамытов Казакстандын тышкы иштер министри менен кыргыз-тажик чек арасын талкуулады

Спикер Талант Мамытов Казакстандын тышкы иштер министри менен кыргыз-тажик чек арасын талкуулады
Кечээ, 28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарына расмий иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту. Анда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар талкууланып, тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салууга тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашты. Төрага Талант Мамытов Кыргызстандын аракети менен жаңжал тынчтык жолу жана дипломатиялык алакалардын алкагында жөнгө салынып, окуянын курчушуна жана курмандыктардын санынын өсүшүнө бөгөт коюлганын маалымдады. Айрыкча, кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жана бардык жетишилген келишимдерди сактоо жолу менен чечүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. "Казакстан артыкчылыктуу инвесторлордун катарында турат. Биздин өлкөдө бир жарым миңден ашуун биргелешкен ишканалар катталган жана иштеп жатат. Буга байланыштуу Кыргыз өкмөтү тарабынан инвесторлордун, анын ичинен казакстандык өнөктөштөрдүн укуктарын коргоо үчүн бардык тиешелүү чаралар кабыл алынууда", - деди Талант Мамытов. Талант Мамытов казак тарапты транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө, айрыкча Орусияга, ошондой эле Кытайдан темир жол аркылуу Кыргызстанга жүк ташыгандардын ишине тиешелүү маселелерге көңүл бурууга чакырды. Төрага аталган маселелердин биргелешкен аракеттин арты менен чечилээрине ишенерин билдирди. Жолугушуунун соңунда Талант Мамытов Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жетишилген келишимдер жигердүү өнүгүп жаткан эки өлкөнүн алакасын татыктуу улантаарына үмүт артты. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="49582,49583,49584,49585,49586"]    
Unknown Author