SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган парламенттик делегация Орусияга иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган парламенттик делегация Орусияга иш сапары менен барды
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусиянын Новосибирск облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Маалыматка караганда, делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов жана Искендер Матраимов бар. Сапардын алкагында төрага Талант Мамытов Новосибирск облусунун губернатору жана аталган аймактагы кыргызстандык мекендештер менен жолугушат. Андан аркы сапар Алтай Республикасында уланат.