SerepTV Logo

Жогорку Кеңеште Орхан Инандынын жоголушу боюнча маалымат угулат

Жогорку Кеңеште Орхан Инандынын жоголушу боюнча маалымат угулат
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңеш «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу маалымат угат. Депутаттар Дастан Бекешев менен Жанар Акаев парламент төрагасынан бул маселе боюнча маалымат угууну күн тартибине киргизип, саат 14:00дө кароону суранышты. 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.
edita