Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды
Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-сентябрдагы жыйында Толкунбек Абдыгуловдун Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагалыгынан кетүүсүн колдоду. 62 депутат "макул", 4 адам "каршы" деп добуш берди.
Абдыгулов колдоосу үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди. Депутаттар аны кол чабуулар менен узатышты.