Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макулдашууну ратификациялады
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макулдашууну ратификациялады.
Жыйында бир нече депутаттар суроолор кайталанып жатканын айтып, добуш берүүгө өтүү керектигин айтышты. Мыйзам 3 окуудан тең өттү. Добуш берүүдө 64 депутат "макул", 19 депутат "каршы" добуш берди.