Жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду
Президент Садыр Жапаров Конституциянын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жарлыктарга ылайык:
- Коопсуздук кеңешинин катчысы Иманкулов Марат Мукановичке генерал-лейтенант наамы берилди;
- Мурдагы коргоо министри Өмүралиев Таалайбек Барыктабасовичке генерал-лейтенант наамы берилди;
- Коргоо министри Бекболотов Бакытбек Асанкалиевичке генерал-майор наамы берилди;
- Чек ара кызматынын төрагасы Шаршеев Уларбек Зарлыковичке генерал-майор наамы берилди.