Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун ден соолугу начарлап, ооруканага түштү
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, 28-июндан тарта президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүүдө. Учурда спикердин саламаттыгы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу маалыматты парламенттин басма сөз кызматынан ырасташты.
Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде, анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында коронавирус илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтпоо максатында аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.
Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги спикердин ооруга чалдыкканын жазган. Бирок парламенттин басма сөз кызматынан анын тапшырган тести таза чыкканын жана ал жумуш ордунда экенин билдирген эле.