SerepTV Logo

Депутат сунушталып жаткан мыйзам долбоордогу араб тилинен келген сөздөрдү кыргыз тилине которууну сунуштады

Депутат сунушталып жаткан мыйзам долбоордогу араб тилинен келген сөздөрдү кыргыз тилине которууну сунуштады
Бүгүн, 27-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров, Искандер Гаипкулов, Алиярбек Абжалиев, Айбек Осмонова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды. Жыйында депутат Алмазбек Токторов мыйзам долбоорундагы араб тилинен келген айрым "мудараба", "мурабаха" деген терминдерди кыргызча которуп колдонууну сунуштады. Ошондой эле демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптери боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин укуктук ченемдерин өркүндөтүү максатында иштелип чыкканын билдирди. Ал эми депутат Самат Исманов мыйзамды ишке ашырууда ислам принцибинде иштеген дүйнөлүк банктардын, өлкөлөрдүн тажрыйбасын пайдаланууга чакырды.
Unknown Author