SerepTV Logo

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Мамлекет башчысынын аталган 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди: Чүй облусу:  -  Сокулук райондук сотуна:  Садыков Болот Калыбекович;  -  Ысык-Ата райондук сотуна:  Шабданбеков Болот Турарович;  -  Чүй райондук сотуна:  Абдрасул уулу Бектур;  - Токмок шаардык сотуна:  Акбалаева Нурия Каинбековна;  – Ош облусу:  -  Кара-Суу райондук сотуна:  Мамасалиева Мээрим Жумалиевна;  Ош шаардык сотуна:  Максатбеков Султан Максатбекович;  Мойдунов Абдисалам Абылкасымович;  – Жалал-Абад облусу:  -  Жалал-Абад шаардык сотуна:  Бекчалов Кеңешбек Нуржалилович;  – Бишкек шаары:  - Октябрь райондук сотуна:  Карабеков Тимурлан Абдыганыевич.