SerepTV Logo

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Мамлекет башчынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди: – Ысык-Көл райондук сотуна: Акматова Мээрим Маматкадыровна; Жусупбекова Космира Айтакуновна;  – Түп райондук сотуна: Астаев Батырхан Алтынбекович; – Тоң райондук сотуна: Сыдыгалиева Асел Бабановна; –  Жети-Өгүз райондук сотуна: Шаршеев Адилет Нуркамильевич; – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна: Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.