Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустук сотторунун жана Бишкек шаардык сотунун судьялык кызмат орундарына, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондук сотторунун бирден бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоого бардык 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макул болду.
Мамлекет башчысынын аталган 10 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткарууга жиберилди:
– Ош облусу
Ош облустук сотуна:
- Атаев Замирбек Исмаилович;
- Жунусов Заурбек Турдубаевич.
- Калыков Бакыт Усенканович;
- Султанканов Бактыбек Султанканович.
- Кудабаева Гүлбара Ишенова.
- Дүйшөнбекова Майрагүл Мырзабековна.
- Бектемирова Салтанат Кубанычбековна;
- Өмуралиева Анара Медербековна.
- Кайыпов Самат Таштанович.
- Назирдинова Чолпон Жыргалбековна.