SerepTV Logo

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыгына кол койду. Ага ылайык Кыргызстандын Министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында кол коюлган. Агенттик бул мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.