SerepTV Logo

Жаңы кодекс. Башкы прокуратура өздүк курамын кеңейтет

Жаңы кодекс. Башкы прокуратура өздүк курамын кеңейтет

Башкы прокуратурада жаңы кодекстер кабыл алынса, кошумча 145 бош кызмат орундары ачылат. Бул тууралуу көзөмөл органынын башчысы Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Конституцияга ылайык, мамлекет штаттык бирдикти кеңейтет, ал эми прокуратурага дагы кеминде 145 жаңы кызматкер керек болот. «Кодекстер кабыл алынгандан кийин биз тергөөчүлөрдү жумушка алабыз. Бирок биздин мындай укугубуз бар, ошондуктан азыр да тергөө иш-чараларын жүргүзө алабыз», - деди Курманкул Зулушев. Жаңы кодекстердин долбоору биринчи окууда каралууда.

edita