Жанар Акаев: "Президент өзү жарандарга "суубузду, жерибизди берип коюп, карап отургандай эл душманы белек" деди"
4-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча жыйын өтүп, ага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бирок жыйын жабык өтүп, ага журналисттер да киргизилген жок. Мындан улам депутаттарга "Кемпир-Абаддын эмне болгону тууралуу маалыматты бийлик жашырып жатканы туурабы? Элдин билүүгө акысы жокпу?" деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Жанар Акаев эл Кемпир-Абаддын берилишине каршы экенин, жерибиз жана суубуз эч качан башка өлкөгө өтпөшү керек деген ойлорун айтканын билдирди. "Эл абдан ачуу сын-пикирлерин айтты. Президент "ушакка ишенбегиле, суубузду, жерибизди берип коюп, карап отургандай эл душманы белек" деди. Биз жөн гана барып, көрүп келдик. Эми 2-этап болот. Менин позициям чек ара акыры чечилиши керек. Зымдар тосулушу керек", - деди ал.
https://youtu.be/zcPu7bft6gs