Ирригация объектилерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине 100 миллион сом бөлүнөт
Ушул жылдын апрель-июль айындагы нөшөрлөгөн жаандын жана селдин кесепетинен талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнөт. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Ошондой эле бөлүнгөн каражаттар алкагында дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба объектилерин оңдоо иштери жүргүзүлөт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине 2021-жылга каралган оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жыйынтыктоону камсыздоосу тапшырылган.