SerepTV Logo

ИИМ: Кылмыштуулукка каршы иштерди күчөтүү боюнча кеңешме өттү

ИИМ: Кылмыштуулукка каршы иштерди күчөтүү боюнча кеңешме өттү
Бүгүн, 31-майда ички иштер министри Улан Ниязбеков жол коопсуздугун камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Кеңешмеге ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты. ИИМ башчысы коомдук тартип сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Айрыкча жол кырсыктарынын алдын алуу, агитациялык-пропагандалык иштерди күчөтүү, жол кырсыктары көп болгон жолдордо жол белгилерин карап чыгуу, жол кырсыктарына байланыштуу катталган фактыларды объективдүү тергөө жана бардык иштерди мыйзам чегинде карап, акыйкат жана туура чечимдерди кабыл алууну тапшырды. Ошондой эле республика боюнча ички иштер органдарынын бардык жетекчилери аткарылган иштер боюнча отчетторун беришти. Чогулуштун жыйынтыгы менен министр ички иштер органдарынын жетекчилерин алдына жети тапшырма койду. Алар: коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин жеринде чечүү максатында жарандарды бардык суроо, өтүнүчтөрү боюнча кабыл алуу, аларга жардам көрсөтүү иш-чаралары үзгүлтүксүз уюштуруу. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="49964,49965,49967,49968,49969,49970,49971,49972,49973,49974"]
Unknown Author