Ички иштер министри ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсенин жаңы башчысы менен жолугушту
Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жаңы башчысы Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ниязбеков мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним арта тургандыгын билдирди. ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жардамы менен милициянын көчмө кабылдамасы учурда аймактардагы көчөлөрдү кыдырып коомдук тартипти сактоодо. Бүгүнкү күндө милициянын көчмө кабылдамалары радиобайланыш, видеокөзөмөл камералары жана кызматкерлер үчүн жумушчу столдор менен жабдылган, ошондой эле компьютерлер жана GPS сенсорлору менен жабдылган атайын унаа болуп саналат. Рогов өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине ар тараптуу маселелер боюнча колдоо көрсөтүүнү улантат деп ишендирди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="51635,51636,51637,51638,51639"]