SerepTV Logo

"Хоп-ляппай" деп отурушубуз керекпи?". Депутат фейктерге нааразы болду

"Хоп-ляппай" деп отурушубуз керекпи?". Депутат фейктерге нааразы болду
Эгер кайсы бир саясатчынын же министрдин фейктери бирөөнүн абийирин төккөн болсо, артынан кыянат кылып, ушак чыгарган болсо, бир тууганынын өлүгүнүн этин жегенге барабар. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди. Анын айтымында, каралоо материалды жазып жаткандарга мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек. "Бул акыретте да жооп бере турган иш. Ошол үчүн урматтуу депутаттар, бүгүн өлкө башчыдан баштап, депутаттарды, министрлерди бүт элдин жүгүн көтөргөн адамдарды шылдыңдаган материалдарды чыгарып жатышат. Биз эмне депутаттар бул жерге келип, "хоп-ляппай" деп отурушубуз керекпи? Кайсы бир элдин жүгүн, кайсы бир маселени, көйгөйдү айтпашыбыз керекпи? Иттин-куштун сүрөтүн коюп, илбирс-түлкүнүн сүрөтүн коюп, аркасына кирсең эч нерсе жок. Түрдүү каралоо материалдары менен жамандоого чекит коюп, мыйзам чегинде чектеш керек экен. Көп акчаны жегендер отуруп алып, фейктер менен депутаттарды, өлкө башчыны жамандап жатасыңар. Фейктин дагы чеги болот да. Ар бир адамдын ар-намысы корголушу керек. Кээ бир министрлерге айтып коёюн бүгүн силердин "погонуңар" бар, эртең жок болушу мүмкүн. Мына бая күнү маршруттук таксилердин баасын Шайлообек Атазов көтөрүптүр деген маалымат чыкты. Маршруттук таксилердин ээлери көтөрсөңөр өзүңөр көтөрө бергиле, менде андай сунуш болгон эмес", - деди ал.
edita