"Хандын сөзү артка кайтарылбаш керек". Депутат Мирлан Самыйкожо жыйынга катышпай кетип калды (видео)
Бүгүн, 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселесин карай турган Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына депутаттар да уюлдук телефонсуз киришти. Мындан улам, депутат Мирлан Самыйкожо нааразычылыгын айтты.
"Мындай болбойт да. Эми силер депутаттарды киргизбейсиңерби?" - деди депутат. Андан ары ал командирди чакырып: "Хандын сөзү артка кайтарылбаш керек. Кудай урбадыбы. Анда депутаттар кирбей эле коелу. Ачык болсо, телефонду алып киришибиз керек. Бул эмне деген басмырлоо. Анда такыр эле кирбей эле коелу. Биз телефон тапшырбайбыз. Жыйынга да катышпайбыз", - деп кетип калды.
Кечээ Садыр Жапаров жыйын ачык өтөрүн айткан эле.