SerepTV Logo

"Этиканы сактабайлыбы". Жыйында депутат менен министр айтыша кетти

"Этиканы сактабайлыбы". Жыйында депутат менен министр айтыша кетти
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айып пулдарды кыскартуу боюнча жыйында депутат Шайлообек Атазов менен санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев айтыша кетишти. Депутат: Министрлер кабинетинин орун басары бул келишимдерди карап чыктыңыздарбы? Министр: Кайсы келишимдерди айтып жатасыз?  Депутат: "Вега" менен түзүлгөн келишимдерди. Министр: Ооба, бул биз менен түзүлгөн келишим. Депутат: Кандай деп түзүлүптүр келишим? Министр: Мен сурооңузду түшүнгөн жокмун. Депутат: Кабминге түшүнбөгөндөр чогулуп алгансыңар да. Депутат министрден "Веганын" өкүлү келген-келбегенин сурады. Жыйынга аталган компаниянын өкүлү келген эмес. Мындан тышкары депутат бул долбоордон кайсы органга канча пайыз каражат түшөрүн, шарттардын бары-жогун сурады. Депутат: Демек, камера коюлган жерлердин бардыгына чиймелер чийилген, жол белгилер коюлган ээ? Министр: Түшкөн каражаттын 25 пайызы өз алдынча бийликке берилет. Сиз сурадыңыз кандай максаттарга берилет деп. Депутат: Мекеме максаттарын аткарыптырбы? Министр муну өз алдынча бийликтен сураш керектигин айтты. Депутат: Сиз сурабайсызбы? Не кылып отурасыз сиз ал жерде? Министр: Сизден суранам, суроону этикага тууралап бериңизчи. Депутат: Сиз мага этиканы үйрөтпөңүз.
edita