SerepTV Logo

Райондук соттун алдына депутаттарды колдоп митингге чыккандар тарашты (сүрөт)

Райондук соттун алдына депутаттарды колдоп митингге чыккандар тарашты (сүрөт)
Кечээ, 31-майда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдына УКМК тарабынан "Кумтөр" боюнча коррупцияга шектелип кармалган депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар эки депутаттын кармалышына саясий куугунтук деген баа беришти. Ошол эле учурда Биринчи май райондук соту эки депутат - Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын карап, аларды 2 айга камакка алды. Тактап айтканда, эки депутат УКМКнын тергөө абагында 31-июлга чейин отурушат. Депутаттарды колдоп келген митингчилер соттун чечимин уккан соң, ушул эле жерде, тактап айтканда, УКМКнын имаратынын алдына саат 10:00дө жолукмай болушуп, тарап кетишти.
edita