SerepTV Logo

Маалымат катчы "Жапаров менен Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө" дегендерге жооп берди

Маалымат катчы "Жапаров менен Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө" дегендерге жооп берди
"Айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү туура көрдүм", - деп жазды президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Мамкурулуш тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объекттин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 миллиард 172,1 миллион сомго бүткөрүлгөн. Алар: - 99 мектеп; - 25 бала бакча; - 16 саламаттыкты сактоо объекттери; - 6 маданият тармагындагы объекттери; - 5 спорткомплекс; - 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объекттери; - 12 башка объекттер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту жана башка).
Анын ичинде облустар боюнча: Чүй облусунда — 22 объект; Баткен облусунда — 46 объект; Жалал-Абад облусунда — 27 объект; Ысык-Көл облусунда — 18 объект; Нарын облусунда — 18 объект; Ош облусунда — 47 объект; Талас облусунда — 15 объект.
Мындан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен (кайрымдуулук фонддордун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлгөнү маалымдалды.