"Эптей албайбы кетсин". Депутат транспорт министринин отставкасын талап кылды
"Мен элдин атынан сүйлөп, талап кылайын. Транспорт министринин отставкасын талап кылам", - деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу.
"Ош-Раззаков жолундагы экинчи категориядагы эл аралык жолдун 118 миллион доллары Япониядан грант болуп келгенине карабастан, тендерди уюштура алган жок. Жолду кеңейтебиз деп үйлөрдү бузуп салышкан. Жол дагы эле башталбай турат. Былтыртан бери какшап келе жатабыз. Транспорт министри эптей албайбы кызматтан кетсин", - деди ал.