SerepTV Logo

«Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйланды

«Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйланды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлады. Биринчи топтун арасынан: - I орун 1 500 000 сом байге фонду менен - Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө; - II орун 1 000 000 сом байге фонду менен - Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө; - III орун 500 000 сом байге фонду менен - Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө; Экинчи топтун арасынан: - I орун 1 500 000 сом байге фонду менен - Ысык Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө; - II орун 1 000 000 сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө; - III орун 500 000 сом байге фонду менен - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө. Мындан тышкары, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты: Абдыразаков Асылбек Таштанбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы; Дүйшөбаев Мукталы Бошкоевич Талаc облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы; Мозгачева Виктория Андреевна Бишкек шаарынын вице-мэри; Усенова Эльмира Валентиновна Кыргыз Республикасынын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн орун басары. Президент Садыр Жапаров ошондой эле, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын президентинин атынан алкыш жарыялады: Апбасов Каныбек Сагынбековичке Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы; Абдыкадыров Эмилбек Ысакуловичке Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы; Ормоков Эрнисбек Абдижалиловичке Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри; Рахманкулов Алмазбек Рахманкуловичке Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.