Эки өлкөнүн биринчи айымдары жолугушту (сүрөт)
Кечээ, 9-июнда президенттин Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган дагы жолугушуп пикир алышты. Бул тууралуу Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган "Твиттердеги" баракчасына жарыялады.
Анда ал "Расмий сапар менен Түркияда жүргөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жубайы - Айгүл Жапарова менен жолугуп отурганыма абдан кубанычтамын. Визит өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдейт деп ишенем" деп жазган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="53690,53691"]