Жапаров менен Эрдоган террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнү талкуулашты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарада болуп өткөн бирдиктүү маалымат жыйынындагы жолугушуунун жүрүшүндө террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Түркиянын "Хаберлер" маалымат агенттиги жазды.
Маалымат боюнча, ФЕТӨ (Фетхуллах Гүлендин террористтик уюму) Түркиянын дагы, Кыргызстандын дагы коопсуздугуна коркунуч туудурат. “Биз ФЕТӨ эки өлкөнүн тең улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деген бүтүмгө келдик”, - деди Эрдоган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына комментарий берип жатып. Түрк лидери аталган уюмга каршы күрөшүүдө Анкара менен Бишкектин кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Акыркы саясий окуялар ФЕТӨ террорчуларынын кандуу, караңгы жана ыплас жүзүн дагы бир жолу көрсөттү. Биз биргеликте алардын бардык коркунучтарына жооп беребиз. Мен дагы бир жолу Түркиянын Кыргызстандын элине жана мамлекетине колдоосун билдирдим. Биз Кыргызстандын саясий туруктуулукка карай жолунда дайыма анын жанында болобуз”, - деди Түркиянын президенти.