«Сосновкадагы» күтүүсүз текшерүүдөн кийин 5 адамга чара көрүлдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен 14-июнда кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:
- Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Турганбаев Алмаз Абдылдаевичке;
– Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак- габаритти контролдоо агенттигинин директору Айтиев Шухрат Анваровичке.
Ошондой эле, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен тартип бузууларга жол берилгендиги үчүн министрликке караштуу автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо агенттигинин директорунун орун басары, ошондой эле «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун эки кызматкери (башкы инспектор, улук инспектор) ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерген. Текшерүүдө аныкталгандай, автотранспорт каражаттарын каттоо журналынын маалыматына ылайык, «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери саат 08:00дөн 13.00гө чейин 17 унааны транспорттук көзөмөлдөн өткөргөн. Бирок Динамикалык салмак габариттик көзөмөл тутумунун маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн мезгилде 20 автоунаа өткөрүлгөн жана андагы айырма 12 унааны түзгөн.