SerepTV Logo

"Эки жолу чай бергенге ээрип кеттиңерби?". Депутат шайлоо босогосунун 5 пайызга көтөрүлгөнүн айтып, нааразы болду

"Эки жолу чай бергенге ээрип кеттиңерби?". Депутат шайлоо босогосунун 5 пайызга көтөрүлгөнүн айтып, нааразы болду

Депутат Рыскелди Момбеков эмне үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо босогосу сунушталган үч пайыздан бешке көтөрүлгөнүн сурады.

Анын айтымында, 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү биринчи окууда жактырган мыйзам долбоору үч пайыздык босого көрсөтүлгөн. 

"Бул мыйзам биринчи окууга киргенде саны боюнча 90, бөлүнүшү боюнча 55-35, босого боюнча 3 эле пайыз эле. Экинчи окууга келгенде 5 пайыз болуп калыптыр. Эки жолу чай бергенге ээрип кеттиңерби? Эмне үчүн эки пайыз кошулуп калды?",- деди ал.

"Депутаттар сунушташты, комитет колдоду",- деди конституциялык мыйзам боюнча комитетинин мүчөсү Алтынбек Сулайманов.

"Октябрь шайлоосунда 12 партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганга чыгышкан. Ошолордун бардыгы 7 пайыздан өтпөй калгандар болчу. 1 миллионго жакын добуштар күйүп кеткен. Азыр ушундай болбойт деп ким кепилдик берет? 5 пайыз деген чоң да",- деди Момбеков.