SerepTV Logo

Депутаттарда "Кумтөрдөгү" кырдаал боюнча Теңгиз Бөлтүрүккө суроолору бар

Депутаттарда "Кумтөрдөгү" кырдаал боюнча Теңгиз Бөлтүрүккө суроолору бар

Депутат Айбек Осмонов бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке "Кумтөрдүн" айланасындагы жагдайды кароону сунуштады. 

Анын айтымында, "Кумтөрдүн" тегерегинде суроолор көп. «Биз аларга жооп алышыбыз керек. Убактылуу тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүктү чакыралы», - деди ал.

27-сентябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Швейцарияга учуп кетишкен. Айрым маалыматтарга караганда, алар канадалык Centerra Gold компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү башташкан.