SerepTV Logo

Депутаттар спорт боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жыйынга салыкчынын эмнеге келгенин түшүнбөй жатышканын айтты

Депутаттар спорт боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жыйынга салыкчынын эмнеге келгенин түшүнбөй жатышканын айтты
"Сиз башка кызматка өттүңүзбү?" деп сурады депутат Мейкинбек Абдалиев 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычевден.
  • Жогорку Кеңеште спорт жана дене тарбия боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды.
"Бүгүнкү мыйзамга эмне тиешеңиз бар экенин түшүнбөй жатам же Олимпиадалык чемпиондордон салык ала турган ниетиңер барбы?" - деп суроо салды депутат. "Мага атайын телефонограмма келген. Мен деле мыйзамды окуп, суроо болсо жооп берейин деп күтүп жатам", - деди ал.
edita