SerepTV Logo

Депутаттар "Сапат" лицейинин президентин издөө иштери боюнча ИИМ маалымат берсин дешти

Депутаттар "Сапат" лицейинин президентин издөө иштери боюнча ИИМ маалымат берсин дешти
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Улукбек Ормонов "Сапат" лицейинин президенти Орхан Инандынын укук коргоо органдары тарабынан издөө иш-чаралары кандай жүрүп жатканына кызыкты. "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси боюнча президентибиз да укук коргоо органдарына тапшырма берди. Ошол маалыматты угуп койсок, 3 күн болду. Кандай иш-чара болуп жатат? ИИМ маалымат берип койсо... Бул жалпы коомчулук үчүн да керек", - деди эл өкүлү. Бул сунушту депутат Дастан Бекешев да колдоду. "Мен Улукбек Ормоновдун сунушуна кошулам. Бул маселени бүгүн уксак жакшы болот эле. Анткени коомчулукта ар кандай суроолор, күмөн саноолор болуп жатат. Биз ушул жактан уксак. Кандай болду? Азыр кандай иштер жүрүп жатат? Эми жаран жоголуп кетсе, таппай калса, эми билбейм, бул туура эмес да. Ошону бул жерден уксак, бир топ суроолорго жооп чыкмак. Азыр эми "Тышкы атайын кызматтар келип ошону уурдап кетишти" деген ойлор болуп жатат. Менин оюмча мындай эмес. Биз ошону угалы", - деди депутат. Орхан Инанды 1-июндан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу милицияга анын уулу кайрылып, атасын таап берүүнү суранганы айтылган.
edita