SerepTV Logo

Депутаттар Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маалымат угууну сунуштады

Депутаттар Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маалымат угууну сунуштады

Парламент Кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалгандыгы боюнча маалыматты угууну сунуш кылды. Бүгүнкү жыйында бир нече депутаттар сунуш киргизишти. Алар белгилегендей, Жогорку Кеңеш коомчулукта резонанс жараткан ишке реакция кылышы керек.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, УКМК өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарбай жатат. «Биздин контрчалгындоо кайда? Же УКМК депутаттарды жана чиновниктерди кармоо менен гана алекпи? УКМКнын негизги милдеттери - чалгындоо жана тыңчылыкка каршы аракеттер», - деди ал.

Депутаттар түштөн кийин "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну көздөп жатышат.