SerepTV Logo

Депутаттар Невский эл аралык экологиялык конгрессинин жыйынына катышып, "Кумтөр" маселесин көтөрүштү

Депутаттар Невский эл аралык экологиялык конгрессинин жыйынына катышып, "Кумтөр" маселесин көтөрүштү
Кечээ, 27-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган кыргыз делегациясы Невский эл аралык экологиялык конгрессинин 9-жыйынына катышты. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Бул эл аралык конгресстин аянтында экология боюнча эл аралык эксперттер жана чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин өкүлдөрү жаратылышты жана климатты коргоонун глобалдык негизги көйгөйлөрүн, ошондой эле бул жааттагы маселелерге жаңы мамилелерди жана чечимдерди талкуулашты. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрү айлана-чөйрөнү коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык экологиялык демилгелери жана Кыргыз Республикасынын өлкөнүн морт тоо экосистемасын коргоо жаатында кабыл алган чечимдери жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле депутаттар Каныбек Иманалиев жана Бактыбек Турусбеков өз баяндамаларында Кумтөр кенинин айланасындагы Кыргызстандын позициясын эл аралык эксперттик коомчулуктун назарына жеткиришти. Тактап айтканда, алар Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында алтын кенин иштетүү учурунда экологиялык жана тоо-кен казып алуу ченемдери «Центерра» тарабынан бузулгандыгы жөнүндө маалымдашты. Бул контекстте депутат Каныбек Иманалиев эл аралык экологиялык уюмдарга кайрылып, кыраакылык менен мамиле жасап, "Центерра" компаниясы менен болгон бул талаш-тартышта кыргыз тарапты колдоого чакырды.
edita