SerepTV Logo

Депутаттар Гүлнара Баатырованы саламаттыкты сактоо министри кылып дайындоого макулдук берди

Депутаттар Гүлнара Баатырованы саламаттыкты сактоо министри кылып дайындоого макулдук берди
Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берди. 69 депутат макул, 1 депутат каршы добуш берди. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Гүлнара Баатырованы кызматка келиши менен куттуктап, эл үчүн иштөөгө чакырды.