Депутат: "Улуттук банктын төрагасын камсыздоого айына 400 миң сом кетет"
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Саматбек Ибраев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун жана банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн кирешесин айтты. Анын айтымында, Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жалпы эмгек акысы 2020-жылы 27 миллион 960 миң сомду түзгөн.
«Сый акыга эмгек акы жана бардык төлөмдөр кирет. Эгерде бул сумма Улуттук банктын 7 мүчөсүнө бөлүнсө, анда башкармалыктын ар бир мүчөсүнө орто эсеп менен 332 миң 852 сомдон тиет. Бул суммага жол чыгымдары жана эл аралык рейстердин чыгымдары, жеке унаалардын техникалык тейлөөсү, айдоочулардын эмгек акысы кирбейт», - деди ал.
Ал Улуттук банктын төрагасын камсыздоого айына болжол менен 400 миң сом кетерин айтты.