SerepTV Logo

Депутат Улуттук банктын төрагалыгына кимди көрсөтүп жатышканын айтты

Депутат Улуттук банктын төрагалыгына кимди көрсөтүп жатышканын айтты
Жогорку Кеңештин комитетине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өз арызы боюнча кызматтан бошотуу боюнча документтер келип түштү. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүп жатышат. Бөкөнтаев - Улуттук банктын төрагасынын экс-орун басары, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы.