SerepTV Logo

Депутат Улуттук банк экономиканы "тормоз" кылып жатканын айтып, жоюп салса да болорун билдирди

Депутат Улуттук банк экономиканы "тормоз" кылып жатканын айтып, жоюп салса да болорун билдирди
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Саматбек Ибраев Улуттук банк Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырбай жатканын айтып, аны керек болсо, жоюп салса да болорун билдирди. "Бүгүнкү күндө биздин бизнесмендердин биринчи муктаждыгы - финансылык муктаждык. Айыл жергесинде коммерциялык банктарда жарандар кезекке турушат. Сиздер билесиздер, мындай кезек мурда Мамлекеттик каттоо кызматында болчу. Ошондой акыбал бүгүн банктарда болуп жатат. Мындайча айтканда, сунушталган акча менен элдин муктаждыгы дал келбей жатат. Бул менен иштебеген Улуттук банкы керек болсо, жоюп салса да болот", - деди ал.
edita