SerepTV Logo

Депутат Улукбек Садиков сим-карталарды көчөдө сатууну токтотуу боюнча сөз козгоду

Депутат Улукбек Садиков сим-карталарды көчөдө сатууну токтотуу боюнча сөз козгоду
Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Садиков сим-картаны көчөдө сатууну токтотуу боюнча маселени көтөрдү. Депутаттын айтымында, сим-карталар каттоодон өткөрүлүүчү жерлерде гана сатылышы керек. Учурда болуп жаткан кылмыштуулуктар жана башка иштер сим-картанын каттоосу жок, ар кайсы жерде сатылгандыгы менен байланыштырып кетти. “Адамдар аны көчөдөн сатып алып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп же ар кандай жалган маалыматтарды тараткандан кийин ыргытып жиберишүүдө. Мындайды азайтуу үчүн сим-карталарды каттоодон өткөрүп, андан кийин сатып алуучунун колуна бере турган кылсак жакшы болот”, - деди депутат.
Unknown Author