Депутат министрге: "Сиз мыкты дарыгер экенсиз, бирок жетекчи катары тажрыйба топтошуңуз керек"
Бүгүн, 31-маада Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Лейлекке барып, чек ара окуясында жаракат алгандарга операция жасагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Биз Баткенге барганда ошол жердеги губернатор, акимдер Лейлекке барып, чек арадан өтө албай жатышканда, сиз Лейлекте элди дарылап жүрдүңүз. Бул кылган кадамыңыз чынында жүрөк жылытты. Сиз дарыгер катары мыкты хирург экенсиз, бирок жетекчи катары дагы тажрыйба топтошуңуз керек", - деди Атазов.