SerepTV Logo

Депутат Саматбек Ибраев “Россиянын экологиялык оператору” компаниясынын башкы директору менен жолугушту

Депутат Саматбек Ибраев “Россиянын экологиялык оператору” компаниясынын башкы директору менен жолугушту
Санкт-Петербург шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев “Россиянын экологиялык оператору” компаниясынын генералдык директору Денис Буцаев менен жолугушту. Жолугушуунун башкы темасы таштандыларды кайра иштетүү, экологияны коргоо, бул багытта мыйзамдарды иштеп чыгуу жаатында кызматташуу болду. Айтылган маалыматтарга таянсак, Орусия зыянсыздандыруу багытындагы иштерге эле 70 миллиард рубль бөлгөн. Ошонун ар бир рублин 3 рублга айландыруунун, инвестиция аркылуу пайда табуунун аракетин көрүп жатышкан. Ошону менен бирге эле айлана чөйрөнү коргоо, экологияны сактоо боюнча жаштарга билим-тарбия берүү багытында программалык иштер колго алына баштаган. Орусияда тиричилик таштандыларын зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, экологияга келтире турган залалдын алдын алуу боюнча бардык аракеттерди санариптик деңгээлде көзөмөл кылуу ырааттуу ишке ашып жаткан. Мындан сырткары, “Экологиялык кодекс” иштелип чыккан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мына ушул маселелерге айрыкча басым жасалып, Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев өз ара тажрыйба алмашууну тереңдетүү, Орусиядагы алдыңкы тажрыйбаны колдонуу, экологиялык багыттагы мыйзамдарды иштеп чыгууда тыгыз кызматташуу боюнча ойлорун ортого салды. Тараптар курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча кызматташууну колго алуу керектигин белгилешти.
Unknown Author